Улуттук гвардиянын аскерлери Москвада өтчү парадга даярданууда
- 04.06.2020, 13:11,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Генералдык штаб Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык эсеби 24-июнда Москвада өтө турган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга даярданып жаткандыгын маалымдады.
"Гвардиячылар карантин учурунда дагы машыгууларды токтоткон жок. Жоопкерчиликти талап калган маанилүү иш-чарага күжүрмөн жана саптык даярдыгы мыктылар тандалып алынган. Санитардык талаптарды сактоо менен параддык жүрүштүн элементтерин иштеп чыгышты", — деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, парадга катышып берүү боюнча Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун экинчи чакыруусу келген. Биринчи чакыруу 9-майга чукул жиберилген. Москадагы парад коронавируска байланыштуу жылдырылып, 24-июнда өтүүсү күтүлүүдө.