У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек шаарындагы бала бакчалардын 6 кызматкеринен коронавирус табылды

9-июнга карата Бишкек шаарындагы бала бакчалардын алты кызматкеринен коронавирус табылды.
Азыркы учурда бакчаларды ачууга даярдык иштери уланууда. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору текшерүү жүргүзүп, тийиштүү эскертүүлөрүн берүүдө. Бул тууралуу 9-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки мекемелердин иштөөсүнө уруксат берүү тууралуу буйрук чыгарган жана анда бала бакча кызматкерлери жумушка чыгар алдында ПЧР анализ тапшыруусу керектиги жазылган.
Штаб белгилегендей, “бала бакчалардын кызматкерлерине лабораториялык диагностика менчик формасына карабастан баарына акысыз жүргүзүлөт”.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter