Республикалык штаб: Таласта вирус жуктуруп алган бейтап медицина кызматкери
- 10.06.2020, 10:54,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүнкү күнгө чейин Талас облусунда коронавирус илдетин жуктуруп алгандар каттала элек болчу. Аталган облуста бүгүн биринчи жолу вирус жуктуруп алган адам катталды. Ал медицина кызматкери экенин республикалык штабдан билдирди.
Эске салсак, кече,9-июнда Талас облусунда бир адамдын анализи коронавирус илдетине шектелип жатканы жана облустагы бир ооруканын карантинге жабылганы айтылган эле. Бул маалыматты бүгүн, 10-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев тастыктады.