У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстанда коронавирус 15 адамдан табылды


Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы премьер-министр Кохир Расулзода жетектеген Коронавирус пандемиясынын алдын алуу боюнча мамлекеттик комиссиядагы ишенимдүү булагына таянып билдирди.

Ага ылайык, бул комиссия шарембиде чукул жыйынга чогулган жана анда Дүйшөмбү шаарында беш адамдан, Хожентте 10 кишиден коронавирус аныкталганы айтылган. Жакынкы сааттарда бул тууралуу мамлекеттик телеканалдан расмий маалымат берилгени жатат.

Буга чейин тажик бийлиги өлкөдө коронавирус каттала электигин билдиргени менен ооруну ооздуктоо аракеттерин көрүп жаткан. Расмий адамдар соңку күндөрү оорудан ажал тапкан адамдардын илдети башка болгон деп ишендиргенге аракет кылышкан.

Дүйшөмбүдө негизинен кийим-кече, буюм-тайым сатылган ири "Корвон" базары баштаган жайларды 30-апрелден 10-майга чейин жабылды. Мэрия тараткан учкай билдирүүдө мындай базарлар "Дүйшөмбү шаарынын тургундарынын саламаттыгына кам көрүү максатында жана коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн" жабылганы айтылат.

Өткөн аптада мектептерди эки жумага жапкан жана футбол боюнча мелдештерди токтоткон.

Булак: "Азаттык"


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter