38 адамдан вирус табылды, 89 бейтап айыгып чыкты
- 10.06.2020, 10:09,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 38 адамдан вирус табылып, 89 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 10-июнда билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-19, Ош облусунда-3, Ош шаарында-6, Нарын облусунда-1, Чүй облусунда-6, Талас облусунда-1, Жалал-Абад облусунда-2 учур.
Жалпысынан өлкө боюнча вирус жуктуруп алган адамдардын саны 2093гө жетти, анын ичинен 1572 бейтап айыгып чыкты, 26 адам каза болду.