У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жети-Өгүз районунда айыл өкмөт башчы вирус жуктуруп алды

Жети-Өгүз районундагы айыл өкмөттөрдүн биринин башчысы коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ыкчам штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, вирус жуктуруп алган айыл өкмөт башчысынын 5-июнда дене табы көтөрүлүп, тамагы ооруп, ооруканага кайрылган. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, 5-июнда ПЧР анализи алынган. Анализдин жыйынтыгы бүгүн чыгып, анда коронавирустун белгилери аныкталган.
 
Айыл өкмөт башчы атасы, жубайы, эки баласы жана жумушундагы 30 адам менен байланышта болгон. Алардын баарынан вируска анализ алынып, алардын ичинен бир жарандан вирус табылды. Ал 15 адам менен байланышта болгон. 
 
Вирус жуктуруп алган эки бейтап Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында дарылана баштады. Алар менен байланышта болгон жарандар үй карантинге алынды.
 
Булак: турмуш 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter