У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


9-июнда 23 адамдан вирус табылды, 38 адам айыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде 23 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, 38 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу 9-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
 
Алар: Бишкек шаарында-6, Ош шаарында-4, Ысык-Көл облусунда-4, Ош облусунда-3, Жалал-Абад облусунда-3, Чүй облусунда -2, Нарын облусунда-1 учур. 
 
 Жалпысынан өлкө боюнча 2055 адам вирус жуктуруп алды, алардын ичинен 1483 бейтап айыгып чыкты, 24 киши каза болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter