Коронавирус жуктурганын айтпай, үйүндө жата берген аял каза болуп калды
- 08.06.2020, 10:33,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 8-июнда коронаврустан бир бейтап каза болгондугу тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев
брифинг учурунда кабарлады. Маркум 67 жаштагы аял киши. Үсөнбаевдин айтымында ал ооруганын жашырып, дарыгерлерге кайрылган эмес.
"Каза болгон жаран Нарын облусунун тургуну. Ал илдети тууралуу дарыгерлерге айтпай, үйүндө жата берген. Качан гана абалы начарлаганда, тиешелүү жактарга телефон аркылуу кайрылган. Бейтапты жашаган жеринен мобилдүү бригада облустук ооруканага алып келинген. 7-июнда абалы оорлошуп, көрүлгөн аракеттерге карабай кайтыш болду. Каза болгон аял илдеттин оор түрү менен жабыркаган. Ага эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги, аз кандуулук, кан басымы жогору деген диагноз коюлган. Каза болгон жарандын жакындарына көңүл айтабыз", - деди ал.