У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус илдетинен 2 адам каза болду

Вирус жуктуруп алып ооруканада дарыланып жаткан эки жаран каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-апрелде брифинг учурунда билдирди.

«Тилекке каршы, дарыланып жаткан эки жараныбыз каза болду. Алардын бири Чүй облусунун 70 жаштан ашып калган жараны болсо, бири Ош шаарынын 79 жаштагы жашоочусу болчу. Чүйдөгү каза болгон маркум медициналык жардамга кеч кайрылган. Ал эми Оштогу киши ооруканада дарыланып жаткан болчу. Экөөнүн теӊ өнөкөт оорулары күчөп кеткендиктен биз аларды сактап кала алган жокпуз»-деп билдирди Нурболот Үсөнбаев. 
 
Ушул менен өлкөдө COVID-19 вирусунан 7 адам каза болду


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter