Эл аралык аба каттамдары 15-июндан тартып жанданат
- 04.06.2020, 14:05,
- Коом
- 1
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу токтотулган эл аралык аба каттамдарын Кыргызстан 15-июндан тартып жандандантууну пландоодо. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.
"Эл аралык каттамдарды 15-июндан тартып ачууну пландап жатабыз. Учурда аба каттамадары үчүн алгоритмдер иштелип жатат. Ар бир авиакомпания өз мүмкүнчүлүгүнө жараша күндөрдү жана каттамдарды жасоо боюнча бизге сунушун берет. Азырынча бир жумада 16-17, ал эми күнүнө 2-3 жолу каттамдар жүргүзүлүп турат»,-деди Акышев.