Вирус жуктуруп алган Жети-Өгүздөгү жаран жентек той берген
- 04.06.2020, 19:10,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ысык-Көлдө коронавирус табылган адам туугандарына жентек той өткөргөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы ыкчам штабдан билдиришти.
Маалыматта, вирус жуктуруп алган жаран 22-майдан 25-майга чейин Бишкек шаарында болгон. Бишкектен Ысык-Көлгө келгенден кийин 20га жакын кишини чакырып баласына жентек той берген. Учурда 20 адамдын бардыгынан коронавируска анализ алынып, үй карантинге алынды- деп айтылат.
Эске салсак, бүгүн, 4-июнда Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктурган бир адам катталган.