У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Ысык-Көлгө 2 миңдей акуу учуп келди" деген маалымат чындыкка дал келбейт


 
Социалдык тармактардын колдонуучулары 2 күндөн бери “Ысык-Көлгө 2 миңдей акуу учуп келди” деген маалыматты бөлүшүп, кубанып жаткан кези. Бул маалыматтын чын-төгүнүн билүү максатында Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев байланыштык. Район башчысы  аталган маалыматты тактоо максатында «Ысык-Көл биосфералык аймак» дирекциясынан расмий маалымат алып берди.


Маалыматка ылайык, учурда Ысык-Көлдө жалпысынан 1311 аккуу бар. Алар “Кликун” акуулары 615 даана, (Cygnus cygnus), “Шипун” аккуулары  609 даана, (cygnus olor) ошондой эле  дагы бир аккуулардын түрү 87 даана  (cygnus sp) бар. Бул сан, 2020-жылдын башында такталган. Эгерде толуктоолор болсо,  кайрадан расмий билдирүү таратышат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter