У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда аскерге чакыруу башталат


Кыргызстанда аскерге чакыруу жана кызмат өтөп бүткөндөрдү запаска бошотуу иши калыбына келтирилет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Өлкө башчысы коронавирус пандемиясына байланыштуу аскерге чакырууну жана запаска бошотууну убактылуу токтотуу жөнүндө жарлыкка 6-апрелде кол койгон болчу.

Президент “Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө, аскердик түзүмдөрдө, мыйзамда аскердик кызмат катары эсептелген мамлекеттик органдарда жана альтернативдик кызматын өтөп бүткөндөрдү запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-май айларында милдеттүү кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө” 2020-жылдын 18-февралындагы жарлыгын колдогон документке кол койду. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter