У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сергей Безруков бакыттын даамын татууда


"Бригада" телесериалы аркылуу болуп көрбөгөндөй атактуулукка жеткен Орусиялык актёр Сергей Безруков бакытка балкып турган убагы. Ал көп жылдар боюу эңсеп жүргөн ата болуу бакытына ээ болгондон тарта үй-бүлөсү, чыгармачылыгы, кубанычтуу жаңылыктары менен байма-бай бөлүшүп келет. 

Актёр  2015-жылы 41 жашында 31 жаштагы режиссёр, сценарист Анна Матисон менен "Млечный путь" тасмасынын тартылуу учурунда таанышып, 2016-жылы үйлөнгөн. Учурда актёр менен режиссёр бир уул, бир кыздын ата-энеси.
 
Актёр "Бактылуу болууга эч качан кеч эмес" дейт бир топ маектеринде. Түгөйлөр балдары менен бирге өздүк театры менен Орусиянын шаарларын кыдырып, спектаклдерди коюп келишет. Мындан сырткары Безруков ырчылык өнөрүнө да өзгөчө көңүл буруп, концерттерди өткөрүп жаткан кези.


Безруков ага чейин белгилүү алып баруучу, актриса Ирина Безрукова менен 15 жыл бирге жашап, балалуу боло алышкан эмес. Актёр мурунку жубайынан 8 жаш кичүү болчу.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter