Витаминдер коронавирустан айыктырат дегенге далил жок
- 04.06.2020, 12:14,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул туурасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун программасынын өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майкл Райан Женевада өткөн брифинг учурунда билдирди
«Азырынча витаминдер, анын ичинде С витамини да коронавирус илдетинен айыктырат дегенге далил жок. Бирок алардын ден-соолукка пайдасы бар экени талашсыз. Витаминдер иммунитеттин бекем болушуна жардам берет. COVID-19 вирусун дарылоодо бир катар мамлекеттер витаминдер түрүн колдонуп жатканын билебиз»-,деп билдирди Майкл.