У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ДССУ: "Коронавирус. Төрт-беш жылдан кийин абал турукташышы мүмкүн"



Адамзаттын тарыхында кала турган учурду баштан кечирип жаткан чагыбыз. "Карантиндин алгачкы 5 жылы оор болот анан барып көнүп кетесиң" деп социалдык тармактын колдонуучулары тамашага салып жатышты эле. Оозубузга сала бергендей эле бул жугуштуу илдеттен арылуу үчүн кеминде 5 жылдай убакыт талап кылынаары анык болду. Мындай божомолду Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчи орун басары Сумия Сваминатан басма сөз жыйынында билдирди. Financial Times уюштурган жыйында Сваминатан:
"Төрт-беш жылдан кийин биздин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүбүз болот деп айтаар элем" деди.

Натыйжалуу вакцина иштелип чыккандан кийин вирус мутация болобу? Азыркы көп өлкөлөр киргизген карантин чаралары канчалык катаал жана узак болот? Көп нерсе ушундан көз каранды. Азыр үмүттүн баары вакцинага байланышкан. Ошол эле маалда анын колдонулушу, натыйжалуулугу жана коопсуздугуна көптөгөн тобокел факторлор бар, деди Сваминатан.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Өзгөчө кырдаал боюнча программасынын жетекчиси Майк Райан вирус биз менен түбөлүк кала бериши мүмкүн дейт.

"ВИЧ жок болуп кеткен жок. Биз аны менен жашап жатабыз жана терапия жолун таптык. Кишилер мурдагыдай андан көп коркпой калды. Көпчүлүк ВИЧ илдеттүүлөр бакубат жана узак жашап калышты",-деди ал.

Бейшембидеги маалымат боюнча дүйнөдө коронавируска кабылгандар саны 4,3 млн кишиге жетип, каза тапкандар 300 миңге барды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter