Узарбек Жылкыбаев: "Орозо айы бүткөндөн кийин да куран окутууну, той-топур өткөрүүнү токтото туралы"
- 14.05.2020, 16:47,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев бүгүн, 14-майда брифингде элди Орозо айы бүткөндөн кийин да куран окутуу, жентек жана башка жөрөлгөлөрдү өткөрбөй, токтото турууга чакырды.
«Мындай жөрөлгөлөрдө эл көп чогулат, тууган-урук алыс-жакындан жол жүрүп келет. Бул албетте, азыркы кырдаалда кооптуу. Ошондуктан буга жол бербей, мал союп, чыгашаны көбөйтпөөгө чакырам. Андан көрө өз ден соолугуңуздарды карап, жашоо-тиричиликти жакшыртып, балдардын билим алышына шарт түзөлү», - деди Жылкыбаев.
Отуз күндүк Орозо айы 24-апрелде башталган. Буга чейин өкмөт муфтият менен чогуу кыргызстандыктарды орозодо чогулуп ооз ачпоого, таравих намазын үйдөн окууга чакырган.