Элди беткап кийбей тейлеген кафе-ресторандардын кызматкерлери жазага тартылат
- 03.06.2020, 13:46,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Вице-мэр Азиз Алымкулов кафе, ресторан жана башка тейлөө кызматындагылардын беткап кийүүсүн милдеттендирген буйрукка кол койду. Мындан ары Бишкекте калкты тейлөө жана тамактандыруу жаатында иштегендер мындан кийин катуу көзөмөлгө алынат. Бул тармакта эмгектенген кызматкерлер милдеттүү түрдө беткап кийип жүрүүсү шарт. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Covid-19 инфекциясынын жайылышын болтурбоо максатында бардык ишкерлерден санитардык талаптарды аткарууну суранабыз. Жетекчилер кол астында иштеген персоналдын эрежелерге ылайык иш алып баруусун көзөмөлдөшү керек. Ошондуктан санитардык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө ар бир жетекчиге жүктөлдү", - деп жазылат маалыматта.