У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аэропортто көзөмөл күчөдү. Вирус жүрүп жаткан өлкөдөн келгенин жашыргандар жоопко тартылат.


Вирус күч алып жатканын улам, Кыргызстанга четтен келгендер дыкат текшерилүүдө. Өзгөчө Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция, Германия жана Испания өңдүү илдет менен күрөшүп жаткан өлкөлөрдө акыркы бир ай ичи болгон чет элдик жарандар Кыргызстанга киргизилбейт. Ал эми кыргызстандык жарандар түз карантинге түшөт. Ал эми вирус күч болуп жаткан өлкөлөрдөн келгенин жашырууга аракет кылган адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Ошондой эле АКШ, Жапония, Швеция, Швейцария, Британия, Бельгия жана Нидерланды мамлекеттеринен келгендер эки жума үй карантинине алынат. Үй карантинин толук сактабай, эл чогулган жайларды аралагандар да мыйзамдуу жоопко тартылышат. 
 
Оору аныкталбаган өлкөдөн келгендер да милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Четтен келгендигине байланыштуу эки жума аралыгында өлкө ичинде ары-бери каттоосуна чектөө коюлат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter