Вирус жуктуруп алган 16 адамдын абалы оор, 4 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат
- 02.06.2020, 10:46,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бул тууралуу онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Бүгүнкү күндө ооруканаларда жалпысынан 609 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 16 адамдын абалы оор, 4 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. 81 бейтаптын абалы орточо оор, калгандарынын абалы жакшы деп бааланууда»,-деди Үсөнбаев.
Кыргызстанда 18-марттан 2-июнга чейин коронавирус 1845 адамдан табылды, алардын ичинен 17 бейтап каза болду, 1219 адам айыгып үйүнө чыгарылды.