У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте цехтердин биринде 1 адам 24 кесиптешине вирус жуктурган


Бишкектеги өндүрүш ишканаларынын биринде иштеген жумушчу 24 адамга коронавирус жуктургандыгы тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган жумушчу коронавирус илештирип алып, оорунун белгилери байкалса дагы цехке барган.

"Ал адам чогуу иштеген 60тай киши менен байланышта болгон. Алардын баарынан анализ алынып, 24үнөн коронавирус табылды. Ал 24үнүн дагы бири анализ алганга чейин үй-бүлөсү менен байланышта болуп, баарына вирус жуктурган", — деди Үсөнбаев.

Үсөнбаев мындан тышкары билим берүү борборлорунун биринде иштеген кызматкер коронавирус илештирип алганын билбей, өзүнүн беш жакынына илдетти жуктуруп алганын кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter