У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавируска кимдер бекер текшерилээри маалым болду


Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун кызматкерлери биринчилерден болуп акысыз текшерүүдөн өтүшөт. Себеби алар  коронавирус жуккан адамдар, алардын жанындагылар менен жакын контактта болушууда. Бул тууралуу 28-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, бул тизмеге өтө кооптуу шартта иштеп жаткан медицина кызматкерлери кирип жатат.

«Бекер текшериле тургандардын биринчи тобу аныкталды. Алар Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун коронавирус жуккан адамдар, алардын жанындагылар менен жакын контактта болгон кызматкерлери. Алар алдыңкы катарда иштегендер, себеби вирус жаңы жуккан адамдарга карата эпидемияга каршы абдан көп иш жүргүзүлөт» дейт Үсөнбаев.

Ал ошондой эле алгачкы топ текшерилип бүткөн соң, кийинкилердин тизмесс аныкталаарын кошумчалады. Буга чейин Бишкектеги №17 жана №3 бейтапканаларынын кызматкерлеринен коронавирус табылганы расмий айтылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter