29-май, 68 адамдан вирус табылды. Көбү четтен келгендер
- 29.05.2020, 11:12,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин маалыматына караганда 29-майда вирус аныкталган 68 кишинин көпчүлүгү Орусиядан келгендер.
Ош шаарында - 2 адам.
Нарын облусунда - 4
Бишкекте - 9+26 (Орусиядан келген курсанттар)
Чүй облусунда - 5
Баткенде - 1
Мындан тышкары Орусиядан келгендерден акыркы бир суткада дагы 21 адамдан коронавирус табылды. Алардын арасында 11и кош бойлуу аялдар.
Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 22 бейтап айыгып чыкты.