У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Москвадан 319 кош бойлуу аял, эмчектеги баласы менен 53 келин Кыргызстанга келе жатат


Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы бүгүн, 26-майда, Москвадан Бишкек шаарына 372 кыргызстандык атайын каттам менен учуп кеткенин кабарлашты. "Аталган каттам менен 319 кош бойлуу аял, эки жашка жете элек чүрпөлөрү менен 53 келин жиберилди", — деп айтылат маалыматта.

Жолго чыккандардын арасында жаңы эле көз жарган жана айы-күү жетип калгандар да бар...
"Дарыгерлердин чыгарып берген бүтүмү менен 33 кош бойлуу келинге учууга уруксат кагаздары берилген эмес. Себеби алардын айрымдарынын ай-күнү жакындап калган жана жолго чыгуу ден соолугуна терс таасир бермек (алардын экөө Кыргызстанга учаар алдында төрөгөн)", — деп айтылат маалыматта.

Учактагылардын тизмеси атайын жумушчу топтун отурумунда бекитилген. Анын курамына Кыргызстандын ар бир регионунун өкүлдөрү, кыргыз диаспоралары тарабынан сунушталган дарыгер, юристтер кирген. Жумушчу топ ар бир маалым катты текшерип, ишеничтүү болуусу үчүн ал кагаздарды берген медициналык мекемелерге чалып чыккан.

"Ошол эле учак менен дагы 26 жаран кетти. Ал жүргүнчүлөр эконом-класстын баасынан алты эсе кымбат бизнес-класстын билеттерин сатып алган. Көпчүлүгү ооругандар жана жакындарын акыркы сапарга узатуу үчүн чыккандар. Андан сырткары, Россия тараптын суранычы менен дагы беш адам кошулду", — деп элчиликтен билдиришти.





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter