У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шаар тургундары коомдук транспорттордо санитардык талаптардын аткарылбаганына нааразы


Ош шаарынын жашоочулары коомдук транспорттордо  жүргүнчүлөр кадимки жай турмуштагыдай жыкжыйма экенине нааразычылыгын социалдык тармактар аркылуу билдиришүүдө. Алардын бири Мимоза Жанибек кызы өзүнүн баракчасы аркылуу Ош шаарындагы коомдук тарнспорттордун бириндеги көрүнүштү жарыялады. 

"Азыркы эле көрүнүш. Эч кандай талап аткарылбай жатат. Шарттарын айтып эле койбой, анын аткарылышын дагы көзөмөлгө албайсыңарбы тиешелүүлөр! Же айдоочу эскертип койбойт, же ага эл макул болуп койсочу! Ээн баш, тартипсиз эле   эл экенбиз да!!! Ким кепилдик берет ушунун ичинде баары таза деп? Өзүм так эсептеп чыктым 53 адам кетип жатат" дейт фейсбук колдонуучусу.

Бишкек шаарында да буга окшогон бир топ нааразы жарандар коомдук транспорттордогу санитардык талаптарды мындай кой, керек болсо автобустардын ичи таза жуулган эмес деген видеолорду таратып жатышат.

 Буга чейин мэриядан "коомдук транспорттор ашыкча адам албайт, орундуктарга шахмат түрүндө бири-биринен алыс отурушат, бардык санитардык талаптар аткарылат" деген маалымат тараган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter