Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы коронавирустан көз жумду
- 24.05.2020, 15:09,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду. Ал буга чейин аталган илдетти жугузуп алып, Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында дарыланып жатканы маалым болгон.
Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты. "
Буга чейин Чолпонбаевдин ооруга чалдыгып, бирок абалы жакшы болуп калганы маалымдалган эле. Коранавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулары өрчүп кеткен. Ал ошондой эле, бөйрөк, жүрөк-кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу", - деп айтылат маалыматта.
Жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз...