У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жеңишгүл Өзүбекова: "Атаганат, оорунун белгисин жаныңда эле жүрүп кандай байкабадым..."


Белгилүү коомдук ишмер, КРнын мурдагы Тил комиссиясынын төрагасы, КРнын Түркиядагы экс-элчиси Ташбоо Жумагулов кечээ 6-апрелде узакка созулган оорудан улам 70 жашында көз жумду.

Көрүнүктүү окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, адабиятчы, философия илимдеринин доктору Ташбоо Жумагуловдун жубайы кыргыздын чыгаан кыздарынын бири, белгилүү акын жана драматург Жеңишгүл Өзүбекова  2020-жылдын 2-апрелинде жолдошунун азаптуу илдетке чалдыкканын жана Орусияда дарыланып жатканын жазып чыккан. 

"Дарт күтүүсүз келээрин билбедим, өзгөчө онкология сыяктуу дарт артыңдан урулган бычактай экен... Атаганат, жаныңда эле жүрүп кандай байкабадым, бир белгисин же мен, же өзүң сезбедиң деп ойлоно берем. Ошондой экен, мен азыр мезгилди да, мамилени да, дос-тууган, жай тааныштарды да “Ташке ооруганга чейинки жана ооругандан кийинки” деп бөлүп карап калдым. Айрым бир жылаңайлак катташкандарды көрдүм, айрым жөн гана жылуу салам менен жүргөндөрдү көрдүм...Айтор көптү көрүп, жашоонун жазылбаган жагдайларын дагы эле үйрөнүп окуп жатам. Акыркы жети айдан бери, келип кетип, үйүбүздөй эле болуп калган ЦКБдагы (Центральная клиническая больница Управления делами Президента РФ) күндөр да бирине бири окшобойт. “Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат ” дегендей болуп, кечээ бозоруп отурсам телефонум шыңгырап калды. Мага белгисиз Москванын номери, реанимациядан кабар күтүп жаткан жаным, элеңдеп ала койдум. “Жеңишгүл эже мен Аликбек Джекшенкуловмун, кантип жатасыз, эмне жардам керек? Ташбоо байкени ким билбейт ”,- ушул өңдүү сөздөрдү көпкө сүйлөшүп, “бул менин түз телефонум, күн-түн дебей чалыңыз, эмне жардам керек болсо, биз барбыз”-десе, атамды көргөндөй эреркедим. Жалгыздыгым сезилбей, Кыргызстаныма, эл-журтумдун ичине барып калгандай дем, күч-кубат алдым.
Рахмат, урматтуу Элчим- Аликбек Джекшенкулович, бийик адамгерчилик, жөнөкөй инсандык сапат, боорукер жүрөгүңүз үчүн рахмат.
Жаратканым жакшылыктарын гана насип кылсын!
Жеңишгүл Өзүбекова
Москва шаары, 2-апрель 2020 жыл"
деп жазган Жеңишгүл Өзүбекова... (Ред: автордун тексти өзгөртүүсүз берилди)

"Фабула Пресс" сайтынын жалпы жамааты агайдын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter