У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Кочкор айылында маркумду акыркы сапарга узатууга катышкан 60 адам карантинге алынды



Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор айылынын тургундары маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкандан кийин үй карантинине алынды. Маркум Орусияда жүрөк оорусунан каза болгон. Бирок аны коштоп келген 2 адамдын биринин коронавируска тапшырган анализи шектүү чыкканын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. 

Анын маалыматына караганда, сөөк Орусиядан 18-майда күнү келип, 19-майда жерге берилген. «Жерге берилген адам жүрөк оорудан каза болгон. Коштоп келгендер кайсы жерлерде болгону иликтенип жатат. Экинчи ПЦР анализи чыкса так билинет», – дейт Аширбаев.

Милиция тажияга көзөмөл жакшы болбой калганын моюнга алды. Буга чейин тажияларга көп адамдын катышуусуна тыюу салынган.

Учурда сөөктү коштоп келген эки жаран обсервацияда. Алардан кайталанып алынган ПЧР-тесттин анализинен кийин гана COVID-19 бар же жок экени анык болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter