Чаткалдыктар коронавирусту тажияга барганда жугузушкан
- 07.05.2020, 11:54,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Вирус өлкөнүн көп аймагында өтө күч алып бара жаткан убагы. "Чогулбагыла" деген сайын күч алып жатканыбыздын кесепетинен абал курчугандан курчуп бара жатат. Буга Чаткал районунун тургундарынын тажияга барып, вирус жуктурганын мисал кылсак болот.
Министрдин орун басарынын айтымында, учурда Чаткалда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Вирус 13 кишиден чыккан.
Чаткал районунун тургундарына коронавирус тажыяга баргандардан жуккандыгын Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
“Чаткалдын жашоочуларына оору сырттан кирген. Тагыраагы, тажыяга баргандардан жуккан. Бишкектен дагы барышкан. Ошол жерге коронавирусу бар кишинин барып калышы оорунун жайылышына себеп болгон. 13 учур тең бир жерден болуп жатат”, — деди Үсөнбаев..