У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавируска каршы сыналып жаткан вакцинаны алган айымдын маеги…


mPHK-1273 аталышын алган вакцинаны Сиэтл институту Modern биотехнологиялык компаниясы менен биргеликте жасаган. Буга чейин жаныбарларга ийгиликтүү сыналып, март айынын орто ченинен тартып адамдарга сыноо жүрүп жатат. Ыктыярчылар бир жыл бою медиктердин көзөмөлүндө болушат.

Америкалык Женнифер Халлер коронавируска каршы сыналып жаткан вакцинаны алган дүйнөдөгү биринчи адам болуп калды. Ал The Telegraph басылмасына вакцина сайдыргандан кийин абалы кандай өзгөргөнүн айтып берген.

Ал бул туурасында: “Биринчи күнү дене табым бир аз көтөрүлдү. Экинчи күнү болсо колдорум катуу ооруду. Ошону менен баары бүттү, өзүмдү кайра мурдагыдай жакшы сезип калдым. Бул процесске катышканым үчүн сыймыктанам!”, - деп билдирген.

Азыркы кезде дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 1,9 миллиондон ашып, 113 миң адам көз жумду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter