У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Соль-Илецктен келип, эркелеп жаткандар менен министрликтин өкүлдөрү жолукту


Соль-Илецкиден келип обсервацияга жатпайбыз деп чырдагандар менен Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жолукту.
Алар "Манас" аэропортунун жанындагы мурдагы Американын "Ганси" авиабазасынын аймагындагы "Семетей" обсервациясына келип токтошкон.  Жаңжал салгандар дарыгерлерди Соль-Илецкиден келген айрым жарандарды үйүнө чыгарып жиберген деп айыптап, аларды дагы дагы коё берүүнү талап кылышууда. Жолугушуу учурундагы видео @koroche_kg Telegram-каналына жүктөлдү.

Ведеодо обсервацияга жаткысы келбегендердин бири: "Биз 14 күн үйдө жатканга даярбыз. Соль-Илецкиден бери коронавирус аныкталган адамдар менен чогуу бир автобуста келгенбиз. Анда эмнеге бизге жуккан жок?" — деп суроо салууда.

Дагы бир аял атайын автобус менен аларды бекер жеткерүүнү талап кылса, башкалары өзүлөрү деле кете аларын айтты.
Ал эми ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов кээ бир адамдар коронавирус аныкталгандарды ооруканага алып кетсе, үй карантинине чыгып жатат деген жалган маалымат таратып, мындан улам башкалары дагы коё берүүнү талап кылып чыгышканын билдирди. 

Буга чейин министрлик чуу чыгарган мигранттар дарыгерлерге кол салып, тез жардам унаасын оодарууга аракет кылганын билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter