11-майда вирус жуктурган 14 жаӊы учур катталы
- 11.05.2020, 10:17,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
11-майга карата Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус дагы 14 адамдан табылды. 13 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-6, Чүй облусунда-1, Баткен облусунда-1, Ош облусунда-2, Нарын облусунда-2, Ысык-Көл облусунда-2 адам.
Кыргызстанда вирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 1016га жетти. Анын ичинен 688 бейтап айыгып чыкты, 12 киши каза болду.