У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 162ге чыкты


Кыргызстанда жугуштуу вируска чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны күн санап өсүүдө. Акыркы суткада 19 адам вирус жуктурса, алардын сегизи медицина кызматкери. Тактап айтканда бешөө - медициналык кызматкери, үчөө – дарыгер.

Илдет жаңы жуккан 19 кишинин ичинен Бишкек шаарында – 8, Чүй облусу – 4, Ош шаарында – 4, Ош облусунда 3 киши катталды.

Акыркы суткада 48 бейтап айыгып чыкты.

Ушуну менен өлкөдө СOVID-19 илдетине 631 адам чалдыкты.
Жалал-Абад облусунда – 109, Ош облусунда – 154, Ош шаарында - 101, Чүй облусунда – 38, Бишкек шаарында – 141, Баткен облусунда – 6, Нарын облусунда – 74, Ысык-Көл облусунда – 8 киши. Алардын 162си медкызматкерлер.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter