У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абактагылардан вирус чыга баштады. Юристтер кесепети оор болоорун айтышууда


Тилеккке каршы жаман вирус абактагыларга да жетти.  Бишкектеги №1 тергөө абагында бир кызматкердин анализинен коронавирус табылды. Бул тууралуу 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Азыр эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Тегерегинде лабораториялык дагы изилдөөлөр бар. Жыйынтыгы менен маалымат болот" деди Үсөнбаев. 

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) 7-майда билдирүү таратып, жабык жайларда жаман илдет катталбаганын айткан.

Мекеменин басма сөз кызматы буга чейин айрым басылмаларга Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталганы тууралуу жазылган маалыматты четке каккан.
Ал эми өлкөдөгү юристтер, укук коргоочулар бийликке кайрылып, абактарда коронавирус жайылса кесепети оор болоорун эскертишкен. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter