Бишкекте адамдын башын кескендер кармалды...
- 09.05.2020, 14:42,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Карантин маалында адамдын башын кесип кеткендер кармалды. Адамдын үрөйүн учурган факты 2020-жылдын 2-майында катталган.
Тактап айтканда 2-май күнү 29 жаштагы А.Ы.у. жана 30 жаштагы Ж.М.у. каза болгон адам менен бирге спирттик ичимдик ичишкен. Алардын ортосунда уруш чыгып кетип, натыйжада шектүүлөр бөтөлкөлөшүн өлтүрүшкөн.
Кылмыш изин жашыруу максатында, маркумдун башын кесип ыргытып жиберишкен. Милиция кылмышка шектүү делген эки жаранды тең кармап, алар СИЗО-1ге киргизилди. Бирок бүгүнкү күнгө чейин дененин кесилген бөлүгү табыла электиги маалым болду.