У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карантиндин талаптарын сактабагандарды атууга буйруган дүйнө лидерлери көбөйүүдө


Адамзат тарыхыбызда кала турган оор учурду баштан кечирип жаткан кезибиз. Көзгө көрүнбөгөн апаат вирус бүтүндөй жер шарындагы жашоонун нугун бузуп, миллиондогон адамдарды буттан чалып, миллиарддаган адамдарды ишсиз калтырды. Тилекке каршы дартка дабаа азыркы күнгө чейин табыла элек. Ошентсе да оорунун канчалык кооптуу экенин али түшүнө электер арбын. Учурда элдин башын аман алып калуунун бир гана жолу үйдөн чыкпай отуруу болуп жатат.

Бирок ошол талапты да аткаргысы келбеген жарандарга дүйнө лидерлери катуу жаза көрсөтүлөөрүн айтып келишет. Жазалардын эң оору атууга кетирүү. Алгачкылардан болуп мындай буйрукту Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров берген. Анын айтымында карантиндин талаптарын сактабагандар өзүнө эле эмес, бүтүндөй улуттун тагдырына балта чабуучулар. Ошол себептен көп адамдан айрылгыча бир адамды атып салуу оңой деген түшүнүктү киргизген.

Көп өтпөй Кадыровдун буйругун улап, Филиппин президенти Родриго Дутерте да эгер коронавируска чалдыккан кишилер каршылык көрсөтүп, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч жаратса, аларды «өлтүрө атууга» буйрук бергенин билдирди. Ал бул талап карантинге жөнөтүлүп, бирок анын эрежесин сактабагандарга да тиешелүү экенин түшүндүрдү.

Бирок эки лидердин тең басма сөз кызматтары айтылган талаптар жарандарды коркутуу иретинде аша чаап айтылган гана сөз деп түшүндүрүштү. Чынында азырынча атууга кеткендер каттала элек.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter