У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эмомали Рахмон президенттикке талапкер болуп катталды

28 жылдан бери президенттик такты эч кимге бербей эле жаткан Эмомали Рахмон Тажикстандын президенттигине талапкер болуп катталды. Анын талапкерлигин Тажикстандын көз карандысыз профсоюздар федерациясы сунуштаган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
 
Маалыматка ылайык, ал 11-октябрда боло турган президенттик шайлоого сунушталган 5-талапкер болуп катталды. 
 
Эске салсак, буга чейин президенттикке талапкерлигин Рустам Латифзода (Тажикистандын агрардык партиясы), Абдухалим Гаффоров (Тажикистандын социалисттик партиясы), Саиджафар Усмонзода (Тажикистандын демократиялык партиясы) жана Рустам Рахматзода (Тажикистандын экономикалык реформалары партиясы) коюшкан.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter