У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Текебаев шайлоого барбайт, жаштарга орун бошотту


Бүгүн, 17-августта Бишкекте Маданият министрлигинин имаратынын алдындагы аянтчада, башка партиялар сыяктуу жабык, кымбат баалуу жерде, жашыруун эмес ачык асман алдында «Ата Мекен» партиясынын жыйыны өтүп жатат. Жыйында "Ата Мекен" партиясын түптөгөн лидер Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, алдыда боло турган парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирди.
 
Ал шайлоого барбаганынын себебин партияда жана саясий талаада жаштарга жол бошотуу максаты менен түшүндүрдү. Ошондой эле өзү менен бирге «Ата Мекен» партиясын түптөгөн Чотонов, Сасыкбаева жана башкалар да шайлоого катышпай турганын, жаӊы, жаш лидерлер алдыга чыгышы керектигин, анткени жаштардын заманы келгенин айтты. 
 
“Ата Мекен” партиясы бул ирет шайлоого жаштарды жиберип жатат. Аларды депутат Жанар Акаев баштап барат”, - деп билдирди Өмүрбек Текебаев.

 Башкы атамекенчи эгер партия парламентке азчылык менен барса, анда аларга көчөдөн колдоо болорун билдирди.
 
“Парламентке биз Жанар Акаев баштаган жаштарды жиберип жатабыз. Эгер ал жакта азчылык боло турган болсок, биз көчөдөн колдойбуз. Көчөнүн күчү кандай экенин Кыргызстан биринчилерден болуп көргөн. Көчөнүн күчү кандай экенин Украина да көрдү. Көчөнүн күчү кандай экенин бүгүн Лукашенко да сезип жатат. Эгерде бийлик бизди укпаса, эгерде бийлик оппозициялык азчылыкты укпаса, көчөнү көтөргөнгө “Ата Мекен” партиясы ар дайым даяр”, - деди Текебаев.
 
Бүгүн Бишкек шаарында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын кезектеги съезди өтүп жатат. Анда алдыдагы парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмеси аныкталып, платформасы талкууланууда.
 
Ал эми «Ата Мекен» партиясынын туусу астында ЖКнын депутаттары: Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Эльвира Сурабалдиева жана жеке ишкер Тилек Токтагазиев жана башка бир топ таза, булганбаган талапкерлер бара жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter