У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2,3 миллиард куб метрге аз…

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүнкү күнү 14,5 миллиард куб метрди түздү. Бул көрсөткүч 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 миллиард куб метрге аз. Бул тууралуу 17-августтагы басма сөз жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди. 
 
Анын айтымында, быйыл электр энергиясы 102,8 киловатт саатка аз болду. Акыркы жети ай ичинде электр жарыгын иштеп чыгуу 9 миллиард киловатт саатты түзүгөн.
 
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков аба-ырайына байланыштуу быйыл Токтогул суу сактагычына суу аз топтолгонун айткан. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter