У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Абулгазиевдин ойт бермеси…

Премьер-министр Мухаммедкалый Абулга­зиев Өнөр жай, энергетика жана жер казына­сын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчиси Эмил Осмонбетовду калкалап, жан тартаарын далилдеди. Осмонбетовду жетекчи кылып алып келип жатканда Жогорку Кеңеш­те эл өкүлдөрү «телевизор көтөрүп кеткен» шектүү жагдайды эске салып, каршы болуш­канына карабай көгөрүп дайындаткан.

Эми болсо Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент кескин сынга алса, чара көргөндүн ордуна теңирден тескери иш кылды. Башкача айтканда, Осмонбетовго сөгүш жарыяламыш болуп, ал эми анын орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди иштен алып салды. Бул эми «айран ичкен кутулуп, аяк жалаган тутулду» деген кеп да. Прези­денттин көзүн будамалап, ойт берип жатканы жакшы эмес. Негизи комитеттеги кемчилик үчүн орун басарлары эмес, төрага Осмонбетов жооп бериш керек болчу. Абулгазиев болсо аластап жатат…



Пикир калтыруу
  • Flnhsi
  • 25-11-2022, 18:35
  • : 18:35
    • Нравится
    • 0
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter