У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Элитанын" эң акыркы дүрмөтү



Базардан башына бак конуп, Жогорку Кеңешке "топ" этип түшүп калган Кожобек Рыспаев 2 чакырылышта ээн жердин бөрүсүндөй эле жыргады. Парламентте Тоо- кен өнөр жайы, отун-энергетика комитетин жетектеп, бул тармак кедеринен кеткени жалпыга маалым. 
ТЭЦтин реконструкциясы тетири болуп, далай киши абакта коррупционер болуп отурат, негедир Кожокең аппак. 
Кумтөргө жер берилди, жер көчкү жүрдү Кожокең аппак. Чаткал-Ала-Букадан кызылдай алтындар топурак катары сыртка ташылды, экологияга коркунуч туулду Кожокең коймаарек тартып, унчукпайт. 
Жогорку Нарын ГЭСтери арасатта калды, 37 млн $ карыз болдук, Кожокең копшолбойт...
 
Ал арада бул тоо-кен тармагына К. Рыспаев көчөдөн эле кадрларды апкелип тыкты. Өз билгенин кылып, "Кыргызалтындын" жетекчисине да чап салып, шермендеси чыкты. Бирок, бу "шоумен" артка кайтаар эмес. 
 
Бизге жеткен маалымат боюнча, ал учурда КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарын куугунтукка алып кетирип, өзүнүн кол баласы, ЖКнын комитет жетекчиси Акыл Токтобаевди алып келүү аракетин көрүүдө. Уят да. 
Себеп, азыр ат алмаштырчу мезгилби? Өкмөт бюджетти толтура албай, тоо-кен тармагынан үмүт кылып атса, ал жактагы адистерди бутка тээп, Кожокең мөөнөтү бүтөөрдө да өзүн ойлоп жатканы кандай?! 
Комитетте он жылдап отурган, ишти ичинен билген адистер деле болсо керек, эгер, тың орун басар эле керек болуп жатса...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter