У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жанета: «Шамалды-Сай шаарчасында рентген-аппарат жок, эл дүрбөлөӊгө түшүүдө…»

Бул тууралуу ырчы Жанета Усупжанова фейсбук баракчасына жазды. 
 
«Өкмөткө, Саламаттыкты сактоо министрлигине, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылам, Шамалды-Сай шаарчасында рентген-аппаратты жок, эски аппарат бузук, азыр да оӊдоло элек. Азыр аймактарда оору күчөп жатканына байланыштуу ооругандарга так диагност кое турган жабуу менен камсыздаш керек болуп турат. Жок дегенде рентген-аппаратты алмаштыруу учурдун талабы болууда. 50 миӊ калкы бар шаарчада рентген-аппараттын жоктугунан дарыгерлер пневмония менен ооругандарга так диагноз кое алышпай жатат. Эл дүрбөлөӊгө түшүп, рентгенге түшүү үчүн чоӊ шаарларга барып жатышат. Ошондуктан аймактарга жардам кылалы, рентген-аппарат алууга көмөк көрсөтүүӊүздөрдү өтүнөм. Жардам бергем дегендер үчүн маалымат  Гузяль Абдиразакова 0554111211 элсом»-деп жазды ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter