18-июнда 14 медицина кызматкеринен вирус табылды
- 18.06.2020, 10:34,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
18-июнда Кыргызстанда дагы 14 медицина кызматкеринен вирус табылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-5, Ош шаарында-4, Чүй облусунда-2, Нарын облусунда-2, Жалал-Абад облусунда-1 учур.
Акыркы бир сутка ичинде стационардан 6 медицина кызматкери айыгып чыкты.
Өлкө боюнча жалпысынан 509 медицина кызматкери вирус жуктуруп, анын ичинен 373ү айыгып чыкты.