165 бейтапты дарылоого 3 миллион 98 миң сом сарпталды
- 27.04.2020, 18:25,
- Экономика / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева 27-апрелде Кыргызстанда коронавирус жуккан 165 бейтапты оорукана шартында дарылоого 3 миллион 98 миң сом сарпталганын билдирди.
Ал эми обсервацияда жаткан 1794 адамга медициналык байкоо жүргүзүүгө 5 миллион 264 миң 219 сом бөлүнүп берилген.