У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бек борбиев: "Бул жашоодо эч ким-эч кимге жардам берүүгө милдеттүү эмес!"


Кыргыз эстрада жылдызы Бек Борбиев учурдагы кыйчалыш абал тууралуу оюн фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын пикиринде бул жашоодо эч ким эч кимге жардам берүүгө милдеттүү эмес. 

"Бул жашоодо эч ким-эч кимге жардам берүүгө милдеттүү эмес! Ачуу чындык, дүйнөнүн жазылбаган мыйзамы ушундай. Керек болсо мамлекет дагы белгилүү маселелерде гана жардам көрсөтө алат, менеджер катары, баарыбызга акчасы да жетпейт. Бул илдет күчтүү өлкөлөрдүн  дагы айласын кетирип турат, биздин эле эмес. Ушул убакта элге өз чөнтөгүнөн акча чыгаргандарга алкоо сөз айтып , рахмат деп тургандын ордуна, бул уурдаган акчасын кайра бизге берди, а эмнеге тигил бай бербейт, берсин деп чанжыраганыбыз туура эмес. Адам жараткандын жана энесинин алдында гана милдеттүү, эгер ал башка дагы бирөөгө жардам берип жатса демек ал анын ыйманынан, чын жүрөгүнөн деп билелик. Бүт дүйнө элинин башына түшкөнүн бизда көрөбүз, башка арга жок, адамдык сапаттан кетпей, сабырдуу карманалы!" дейт ырчы. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter