Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7,869 млрд метр кубду түздү
- 26.03.2022, 16:22,
- Экономика / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Апта ичинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 51,71 миллион кубометрге азайды. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын маалыматы тастыктайт.
Маалым болгондой, 2022-жылдын 26-мартына карата суунун көлөмү 7 миллиард 869,8 миллион метр кубга азайган. Бул былтыркыдан 900,2 миллион кубометрге аз. Жыл башынан бери бул көрсөткүч 2 миллиард 241,6 миллион метр кубга азайган.
Бүгүн Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши секундуна 219 кубометр, агып чыгышы 352 кубометрди түздү.