У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токтогул суу сактагычында суу азайууда


2-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 920,5 млрд куб метрди түздү. Мындай маалыматты «Электр станциялары» ААКсы жарыялады.
 
Маалыматкы ылайык, бир ай ичинде суунун көлөмү 385,72 миллион метр кубга азайган. 2020-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу – 2,8 млрд куб метрге аз. Өткөн жылы ушул маалда Токтогулда 14,7 миллиард метр куб суу болгон. Бүгүнкү күндө суу сактагычка суунун чыгымы секундасына 469 метр кубду, агып кириши секундуна 209 метр кубду түзүүдө.
 
Быйыл кургакчылыктан улам Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калышы мүмкүн деп чочулашууда. Бул Токтогул ГЭСинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter