У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд куб метрге жакындады


2022-жылдын 1-мартына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 155,6 миллион куб метрди түздү. Мындай маалыматтар «Электр станциялары» ААКнын сайтында берилген.
 
Былтыркыга салыштырмалуу бул көрсөткүч 4 миллиард 319,8 миллион метр кубга же 35 пайызга азайган. Жыл башынан бери Токтогулда суунун көлөмү 1 миллиард 955,8 миллион метр кубга азайды.
Бүгүнкү күндө суунун агып кириши секундуна 155 метр кубду, ал эми агып чыгышы 448 метр кубду түзүүдө.
 
Быйыл кургакчылыктан улам Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калышы мүмкүн деп кооптонушууда. Бул Токтогул ГЭСинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн деп эсептешет айрым адистер.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter