У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акылбек Жапаров Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн 8 млрд метр кубга жеткирүү тапшырмасын берди


Министрлер кабинетинин төрагасы Жалал-Абад облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
 
Станциянын учурдагы иши, суунун көлөмү жана төртүнчү гидроагрегатта жүрүп жаткан оңдоо иштери тууралуу маалымат угулду.
 
Акылбек Жапаров оңдоп-түзөө иштерин өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо, ошондой эле 1-апрелге карата суунун көлөмүн кеминде 8 млрд метр кубга жеткирүү тапшырмасын берди.
 
“Электр станциялары” ААКнын маалыматы боюнча, 18-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 7 миллиард 925,37 миллион метр кубду түздү.
 
Быйыл кургакчылыктан улам Кыргызстан энергетикалык каатчылыкка кабылды. Энергетиктер жылытуу мезгилинен кийин суу сактагычта 6-7 миллиард куб метр гана суу калышы мүмкүн деп кооптонушууда. Бул Токтогул ГЭСинин токтоп калышына алып келиши мүмкүн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter