У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасына түндө барып, ал жерде иштегендерди коркутуп кеткен


Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кечээ кечинде, 18-апрелге караган түнү Алмазбек Исманкуловдун «Көз микрохирургиясы» ооруканасына келип, ал жерде иштегендерди имараттын ичине киргизип, сыртынан бекитип кетип калган. Бул тууралуу Алмазбек Исманкулов 24.kg агенттигине билдирди.
 
Анын айтканына караганда, кечинде курулушчулар клиниканын имаратына барчу жолдун баарын, ошондой эле траншеяларды казып кетишкен, ал эми кечки саат 22:30да белгисиз адамдардын коштоосунда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин келген. 
 
Ал күзөттө турган күзөтчү менен милиция кызматкерин имаратка кирүүгө, ал жактан чыкпай отурууга буйруп, эгер чыкса өздөрүнө эле жаман болорун айтып, уят сөздөр менен сөккөн. 
 
«Министр биздин кызматкерлеге оозго алгыс сөздөрдү айткан. Кароолчубуздун башын жулуп, бир жерине тыгам деп коркутуптур. Анын айткан сөздөрүн айта албайм, ал сөздөр жазылбай турган сөздөр. Кароолчу менен милиционерди камайм дептир», — дейт Исманкулов.
 
Ошондой эле Исманкулов Саламаттыкты сактоо министри кеткенден кийин аны менен чогу келгендер кайра келип эшикти ачып, имараттын ичиндеги адамдарды, милиция кызматкерин да чыгарышкан.
 
«90-жылдардагыдай болуп, эмнеге түндө коркутуп келгенин билбейм. Тиешелүү органдардан Бейшеналиевдин аракеттерине юридикалык баа берүүнү суранам», — деди Алмазбек Исманкулов.


Пикир калтыруу
Кимге ишенээрин билбеймин Бешейшеналиев коррупция менен курошуп айткандай... Тиги акча жасагыч медиктер аны жамандатышат...




  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter